1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 часов назад

13

1-ДЕКАБРЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 24-ноябрында Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман тарабынан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Сергек жашоо — дени сак келечек!» аттуу тарбиялык маанидеги куратордук саат өткөрүлдү.Куратордук сааттын негизги максаты — ВИЧ/СПИД илдетинин жайылышын алдын алуу жолдорун түшүндүрүү, глобалдык деңгээлдеги бул коркунучтун масштабы жана адамдын ден соолугуна, коомдун келечегине тийгизген терс таасири тууралуу студенттердин маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.Куратордук сааттын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар талкууланды:- Тарыхый маалыматтар жана статистика: Дүйнө жүзүндө жана өлкө аймагында ВИЧ/СПИД илдетинин катталуу динамикасы, оорунун келип чыгуу тарыхы тууралуу маалымат берилди.- Вирустун жугуу жолдору жана таасири: Иммундук системанын жабыркашы, инфекциянын кан аркылуу, жыныстык жол менен жана энеден балага жугуу коркунучтары кеңири түшүндүрүлдү.- Алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзү: Жаштарды зыяндуу адаттардан алыс болууга, өздүк гигиенаны жана коопсуздук эрежелерин так сактоого үндөө маселелери каралды.Жыйынтыгында студенттер суроо-жооп форматында өз ойлорун ортого салып, ВИЧ-инфекциясынын алдын алууда ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги жана сергек жашоо образы чечүүчү мааниге ээ экенин белгилешти.