1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

11

БОЛОЧОК МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНИН БААЛОО ЖАНА ТАЛДОО КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 23-ноябрында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан е кесиптик-профилдик практикадан өтүп жаткан практиканттар үчүн «Текшерүү иши, өз алдынча иштерди уюштуруу жана жаздыруу, тапшырмалардын аткарылышына талдоо жүргүзүү» темасында жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.Иш-чаранын негизги максаты – болочок математика мугалимдеринин окуучулардын билим жетишкендиктерин текшерүү, өз алдынча иштерди уюштуруу, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу, жазуу иштеринин жыйынтыктарына сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүү, ошондой эле каталар менен иштөөнү пландаштыруу боюнча кесиптик жана методикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу.Окутуунун жүрүшүндө математика сабагында текшерүү жана өз алдынча иштерди уюштуруунун максаттары, милдеттери, тапшырмаларды түзүүнүн методикалык талаптары жана окуучулардын билим деңгээлин объективдүү баалоонун жолдору кеңири түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл окуучулардын даярдык деңгээлине жараша тапшырмаларды дифференциациялоого, алардын татаалдык деңгээлин аныктоого жана баалоонун так критерийлерин иштеп чыгууга бурулду.Практикалык мисалдар аркылуу 7-класстын «Бир белгисиздүү сызыктуу теңдемелер» жана 8-класстын «Квадраттык теңдемелер» темалары боюнча текшерүү жана өз алдынча иштерди түзүүнүн үлгүлөрү каралды. Тапшырмаларды аткарууда математикалык формулаларды туура колдонуу, чыгарылыштарды негиздөө, эсептөөлөрдүн тактыгын камсыздоо жана окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү маселелери талкууланды.Ошондой эле жазуу иштеринин жыйынтыктарына сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүүнүн методикасына өзгөчө көңүл бурулду. Окуучулардын жетишүү көрсөткүчүн жана билим сапатын эсептөө, тапшырмаларды аткарууда кетирилген типтүү каталарды аныктоо, алардын себептерин талдоо жана кемчиликтерди жоюуга багытталган кошумча тапшырмаларды иштеп чыгуу жолдору түшүндүрүлдү.Жумуш ордунда окутуунун алкагында практиканттарга математика предмети боюнча өз алдынча иштердин варианттарын даярдоо, баалоо критерийлерин түзүү, жазуу иштеринин жыйынтыктарын талдоо жана каталар менен иштөө сабагын пландаштыруу боюнча практикалык тапшырмалар берилди.Иш-чара болочок математика мугалимдеринин теориялык билимдерин мектеп практикасында колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, окуучулардын билим жетишкендиктерин объективдүү баалоого жана алынган натыйжалардын негизинде окутуу процессин өркүндөтүүгө багытталды.