1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

14

МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ КАФЕДРАСЫ МЕНЕН №24 Г. БАKИЕВА АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН БИРГЕЛЕШКЕН ИШ-ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ 

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы менен Манас шаарындагы №24 Г. Бакиева атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 2026–2027-окуу жылына карата биргелешкен иш-планын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушууга практика боюнча жооптуу, ф.-м.и.к., доценттин милдетин аткаруучу М. Н. Нурматова жана мектептин эмгек жамаатынын өкүлдөрү катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө кафедра менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу жана болочок математика мугалимдеринин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү маселелери каралды. Атап айтканда, 2026–2027-окуу жылына карата иштелип чыккан биргелешкен иш-пландын негизги багыттары, иш-чаралардын мазмуну, өткөрүү мөөнөттөрү жана жооптуу тараптар талкууланды.Иш-планда уюштуруу, окуу-методикалык иштер, студенттер менен иштөө жана кесипке багыт берүү багыттары камтылган. Анын алкагында мектептин базалык кабинетин методикалык жана санариптик ресурстар менен камсыздоо, математика сабагында 5E моделин колдонуу боюнча мастер-класстарды жана заманбап интерактивдик каражаттар боюнча семинарларды өткөрүү, мектеп мугалимдери үчүн жумуш ордунда окутууларды уюштуруу каралган.Ошондой эле мектеп окуучуларынын математикалык билимдерин тереңдетүүгө жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Акыл ордо» интеллектуалдык оюнун, «Математикалык кече» иш-чарасын, мотивациялык семинарларды уюштуруу жана жогорку класстын окуучуларына кесиптик багыт берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Мындан тышкары, студенттердин педагогикалык практикасын натыйжалуу уюштуруу, аларга насаатчылык колдоо көрсөтүү жана теориялык билимдерин мектеп шартында практикалык жактан бекемдөө маселелери талкууланды.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген иш-чараларды өз ара кызматташтыктын негизинде ишке ашыруу, алардын аткарылышын координациялоо жана университет менен мектептин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо боюнча пикир алышты.