1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

12

СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ БОЮНЧА БАГЫТ БЕРҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 20-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын Мс-1-23 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практиканы уюштуруу жана өткөрүү маселелерине арналган онлайн форматтагы багыт берүү конференциясы өткөрүлдү.Zoom платформасында өткөн конференцияны практика боюнча жооптуу, ф.-м.и.к., доценттин милдетин аткаруучу М. Н. Нурматова алып барып, студенттерди алдыдагы практиканын уюштурулушу, мазмуну жана негизги талаптары менен тааныштырды. Академиялык календарга ылайык, студенттердин кесиптик-базалык практикасы 2026-жылдын 23-ноябрынан 26-декабрына чейин өткөрүлөрү белгиленди.Конференциянын негизги бөлүгүндө практиканы өткөрүү боюнча университеттин жетекчилиги тарабынан бекитилген расмий буйруктун талаптары түшүндүрүлүп, практиканын максаты, милдеттери жана күтүлүүчү натыйжалары каралды. Ошондой эле практика мезгилинде аткарылуучу иштердин мазмуну, алардын ырааттуулугу жана мөөнөттөрү камтылган этаптык жол картасы сунушталды.Өзгөчө көңүл практиканын жыйынтыгын чыгаруу жана отчеттук документтерди даярдоо маселелерине бурулду. Студенттерге тапшырылуучу документтердин тизмеси, аларды толтуруу жана белгиленген талаптарга ылайык тариздөө тартиби кеңири түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, университеттин практиканы уюштуруу жөнүндө жобосуна ылайык, математика мугалими катары эки жыл жана андан ашык эмгек стажына ээ болгон студенттер үчүн каралган отчеттук документтерди тапшыруу тартиби боюнча өзүнчө түшүндүрмө берилди.Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө студенттер менен пикир алмашуу уюштурулуп, практиканы уюштуруу, өткөрүү жана отчеттук документтерди даярдоо боюнча суроолоруна кеңири жооптор берилди. Практика мезгилинде окуу жайларындагы педагогикалык ишмердүүлүктү жоопкерчилик менен жүргүзүү, белгиленген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу жана практиканын жыйынтыгын талапка ылайык тариздөө боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.