1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

11

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОНЛАЙН ФОРМАТТА БАГЫТ БЕРҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 20-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын Ммс-1-25 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-педагогикалык практиканы уюштуруу боюнча онлайн форматта багыт берүү конференциясы өткөрүлдү.Конференция Zoom платформасында уюштурулуп, иш-чараны практика боюнча жооптуу, ф.-м.и.к., доценттин милдетин аткаруучу М. Н. Нурматова алып барды. Конференциянын жүрүшүндө академиялык календарга ылайык, магистранттар 2026-жылдын 23-ноябрынан 19-декабрына чейин илимий-педагогикалык практикадан өтөрү белгиленди.Алгач магистранттар университеттин жетекчилиги тарабынан бекитилген практиканы өткөрүү жөнүндө расмий буйрук менен тааныштырылды. Андан соң практиканын максат-милдеттери, мазмуну, уюштурулушу жана практика мезгилинде аткарылуучу иштердин ырааттуулугун камтыган этаптык жол картасы сунушталды.Мындан тышкары, практиканын жыйынтыгы боюнча тапшырылуучу отчеттук документтердин тизмеси, аларды даярдоо жана белгиленген талаптарга ылайык тариздөө тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.Иш-чарага магистранттардын илимий жетекчилери да катышып, илимий-педагогикалык практиканын мазмуну, изилдөө иштерин уюштуруу, педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү жана практика учурунда аткарылуучу тапшырмалар боюнча өз сунуш-пикирлерин жана усулдук көрсөтмөлөрүн билдиришти.Конференциянын соңунда магистранттар менен мазмундуу талкуу уюштурулуп, алардын практиканы уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруучулук жана методикалык суроолоруна кеңири жооптор берилди.Жыйынтыгында магистранттарга илимий-педагогикалык практиканы сапаттуу өткөрүү, белгиленген талаптарды так сактоо, илимий жана педагогикалык тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу, ошондой эле практиканын жыйынтыгы боюнча отчеттук документтерди талапка ылайык даярдоо боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.