1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

23

БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Э. Үмөтов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдөө кафедрасынын доценти А. Ураимхалилова кесиптик-профилдик практиканын алкагында жумуш ордунда окутуу өткөрдү.Иш-чара Манас шаарындагы И. Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде уюштурулду. Ага кесиптик-профилдик практикадан өтүп жаткан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери, кафедранын улук окутуучусу М. Маткаримова жана мектептин математика мугалими Маматкулова Нуржамал Абдираимовна катышты.Окутуунун темасы — «Ата-энелер менен окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча карым-катнаш түзүү, иштин жыйынтыгын талдоо».Жумуш ордунда окутуу теориялык билимдерди кесиптик чөйрөдөгү практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга багытталган. Бул окутуу формасы болочок мугалимдерге мектептеги кесиптик милдеттерди тереңирээк түшүнүүгө, педагогикалык кырдаалдарда туура чечим кабыл алууга жана практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.Теманын актуалдуулугу мугалимдин ишмердүүлүгүндө ата-энелер менен кызматташуу маанилүү орунду ээлегендиги менен түшүндүрүлөт. Окуучунун билим алуусунда жана тарбиясында мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракети чоң мааниге ээ. Андыктан мугалим ата-энелер менен ишенимдүү байланыш түзүп, пикир алмашып, окутуу жана тарбиялоо маселелерин биргеликте чечүүгө даяр болушу зарыл.Окутуунун жүрүшүндө студенттер ата-эне менен баарлашуунун үлгүлөрүн талдап, көйгөйлүү педагогикалык кырдаалдарды чечүү боюнча практикалык иштерди аткарышты. Талкуу учурунда ата-энелер менен пикир алышууда туура мамиле жасоо, алардын ой-пикирин угуу жана окуучунун билим алуусу менен тарбиясына байланышкан маселелерди биргеликте чечүү жолдору каралды. Ошондой эле жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын талдоонун маанисине көңүл бурулду. Мындай ишмердүүлүк болочок мугалимдердин баарлашуу маданиятын, жоопкерчилигин жана педагогикалык кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.Иш-чара болочок мугалимдердин ата-энелер менен кызматташуу боюнча кесиптик даярдыгын бекемдөөгө, мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара байланышынын маанисин терең түшүнүүгө жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүнө даярдануусуна багытталды.