1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

29

 АЧЫК САБАК — БОЛОЧОК МУГАЛИМДИН ЧЕБЕРЧИЛИГИН СЫНАГАН МААНИЛҮҮ БАСКЫЧ

Студенттердин мектептеги практикалык ишмердүүлүгү кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр мугалимдин кесиптик даярдыгына коюлган талаптарды да жогорулатууда. Бүгүнкү күндө сабак өтүүдө предметтик билимди жеткирүү менен катар окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, өз алдынча иштөөгө багыт берүү жана сабакка кызыгуусун арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Мындай сапаттар болочок педагогдордо теориялык даярдык менен практикалык тажрыйбанын айкалышы аркылуу калыптанат. Бул багыттагы иштердин алкагында 2026-жылдын 19-ноябрында Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикадан өтүп жаткан Манас шаарындагы И. Сатыбаев атындагы № 19 жалпы орто билим берүү мектебинде ачык сабактарды өткөрүштү. Ачык сабактарга институттун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценти А. Ураимхалилова, улук окутуучу М. Маткаримова, мектептин математика мугалими Нуржамал Маматкулова жана мектептин усулчусу Салимбаева Бактыгул Джунусовна катышты. Катышуучулар сабактардын уюштурулушуна, теманын түшүндүрүлүшүнө, окуучулар менен өз ара аракеттенүүгө жана колдонулган окутуу ыкмаларына байкоо жүргүзүштү. ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Акжамбилова Айназик 8-А класста алгебра сабагынан «Алгебралык теңдемелерди чыгаруу» темасында ачык сабак өттү. Сабак учурунда окуучулар теңдемелерди чыгаруунун жолдорун карап чыгып, мисалдарды иштөө аркылуу алган билимдерин бекемдешти. Студент теманы ырааттуу түшүндүрүп, окуучуларды тапшырмаларды өз алдынча аткарууга жана сабактын жүрүшүнө активдүү катышууга тартты. Ал эми Исмаилова Гүлкайыр 12 жылдык билим берүү программасы боюнча окуган 7-А класста «Эквиваленттүү катыштарга мисал иштөө» темасында ачык сабак өткөрдү. Сабакта катыштардын маанисин түшүндүрүү жана аларды туура табууга багытталган тапшырмалар аткарылды. Окуучулар топтук карточкалар, командалык иштер жана практикалык мисалдар аркылуу теманы бышыкташты. Мындан тышкары, сабактын соңунда рефлексия жүргүзүлүп, окуучулар өздөрүнүн түшүнүү деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк алышты.Өткөрүлгөн ачык сабактар студенттердин предметтик билимин гана эмес, сабакты пландаштыруу, убакытты туура бөлүштүрүү, классты уюштуруу жана окуучулардын кызыгуусун ойготуу жөндөмдөрүн да көрсөтүүгө шарт түздү. Институттун окутуучулары менен мектеп өкүлдөрүнүн катышуусу студенттер үчүн өз ишмердүүлүгүнө сырттан баа алууга, тажрыйбалуу педагогдордун сунуштарын угууга жана мындан аркы ишине багыт алууга өбөлгө болду. Педагогикалык практика — студент үчүн аудиторияда алган билимин мектептин чыныгы окуу процессинде колдонуп көрүүчү жооптуу мезгил. Ар бир өткөрүлгөн сабак болочок мугалимге жаңы тажрыйба топтоого, өзүнүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жана педагогикалык ишмердүүлүгүндө дагы да такшалууга шарт түзөт. Бүгүн класстын алдында сабак өтүп жаткан студент — эртеңки күндүн мугалими. Анын кесиптик калыптанышы дал ушундай алгачкы тажрыйбалардан, изденүүдөн жана тынымсыз өнүгүүгө умтулуусунан башталат.