1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

22

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫЛАНУУ: ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА, ТАЖРЫЙБАДАН КЕСИПКӨЙЛҮККӨ КАРАЙ

Болочок математика мугалимдеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууда педагогикалык практиканын орду өзгөчө.Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы жаңы талаптардын, жаңыланган стандарттардын жана заманбап окутуу технологияларынын шартында өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам таштоодо. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Алтын Казык» билим берүү реформасы, 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүү, окуу программаларынын жана предметтик стандарттардын жаңыланышы мугалимдин кесиптик даярдыгына, чыгармачылык изденүүсүнө жана заманбап компетенцияларына болгон талаптарды күчөтүүдө.Мындай шартта жогорку окуу жайларында болочок педагогдорду даярдоо иши аудиториядагы теориялык билим менен гана чектелбестен, мектептин реалдуу окуу-тарбиялык чөйрөсүндө практикалык тажрыйба топтоо менен тыгыз байланышта болушу зарыл. Анткени бүгүнкү мугалим — билимди жеткирүүчү гана эмес, окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изденүүсүн, чыгармачылыгын жана турмуштук маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүргөн инсан.Ушул багыттагы иштердин алкагында Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценти А. Ураимхалилова жана улук окутуучу М. Маткаримова Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кесиптик-профилдик практикадан өтүп жаткан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттеринин сабактарына катышып, алардын кесиптик даярдыгы менен таанышышты. Тактап айтканда, Арстанбап айылындагы Кош-Терек негизги жалпы билим берүүчү мектебинде практика өтөп жаткан Арсланбек кызы Хаятхандын (мектептеги практика жетекчиси — Бахриддинов Насибжон Насриддинович) жана Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагына караштуу Хажир-Абад айылындагы М. В. Фрунзе атындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинде практикадан өтүп жаткан Жоробек кызы Айжамалдын (мектептеги практика жетекчиси — Жоробек кызы Айжамалдын мектеп тарабынан дайындалган жетекчи мугалими) сабактарына байкоо жүргүзүлүп, студенттердин окутуу усулдары, сабакты уюштуруу чеберчилиги, окуучулар менен иш алып баруу жөндөмдөрү жана заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талданды.Математика сабагында окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, аналитикалык жөндөмүн жана математикалык сабаттуулугун өнүктүрүү, алган билимдерин турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүгө үйрөтүү бүгүнкү билим берүүнүн маанилүү милдеттеринин бири. Бул багытта мугалимден предметтик билим менен катар заманбап окутуу усулдарын натыйжалуу колдонуу, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруу жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандыруу талап кылынат.Жолугушуунун жүрүшүндө кафедранын окутуучулары мектеп администрациясы жана педагогикалык жамаат менен студенттердин кесиптик-профилдик практикадан өтүү шарттары, жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттери боюнча пикир алышышты. Мында практика жетекчилеринин студенттерге методикалык колдоо көрсөтүү, сабактарына талдоо жүргүзүү, кесиптик багыт берүү жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүдөгү насаатчылык ролу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.Азыркы билим берүү реформаларынын шартында болочок мугалимдерди заманбап талаптарга ылайык даярдоо, алардын теориялык билимин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу өзгөчө мааниге ээ. Педагогикалык практика — студенттин кесиптик жөндөмдөрү, жоопкерчилиги жана педагогикалык көз карашы калыптана турган маанилүү баскыч. Ал эми университет менен мектептин өз ара тыгыз кызматташтыгы бул процесстин натыйжалуулугун камсыз кылган негизги шарттардын бири болуп саналат.Теория билимдин пайдубалын түптөсө, практика ошол билимге өмүр берет. Бүгүн мектеп босогосунда алгачкы кесиптик кадамдарын жасап жаткан студенттер — эртеңки билимдүү муунду тарбиялай турган мугалимдер. Алардын ар бир сабагы, ар бир изденүүсү жана ар бир ийгилиги өлкөнүн билим берүү келечегине кошулган салым болуп саналат.