1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

16

СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК ПРАКТИКАДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Бүгүнкү күндө студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, педагогикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттыруу максатында кесиптик-профилдик практика өз ишин ийгиликтүү улантууда.Айта кетсек, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Уларбек кызы Айпери шаарыбыздагы №24 Гүлнара Бакиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесиптик-профилдик практикадан өтүп жатат.2026-жылдын 2-ноябрында студент 9-А классына «Эки өзгөрмөлүү теңдемелердин системасы» деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студент заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, окуучулардын математикалык билимдерин тереңдетүүгө, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана өз алдынча маселе чыгаруу жөндөмдөрүн калыптандырууга өзгөчө көңүл бурду.Ачык сабактын жүрүшүндө окуучулар сабакка активдүү катышып, берилген тапшырмаларды аткарып, теманы өздөштүрүүгө кызыгуу көрсөтүштү.Мындай практикалык сабактар студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө менен бирге, алардын педагогикалык чеберчилигин, сабакты уюштуруу жана окуучулар менен иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.Кесиптик практика — келечектеги адистин кесиптик калыптануусундагы маанилүү баскыч. Студенттердин мындай жетишкендиктери алардын келечекте өз кесибинин мыкты адиси болуп калыптанышына негиз болот.