1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

16

Айтматов — улуттун руханий күзгүсү: жаш муундун дүйнө таанымын калыптандыруудагы көркөм тасманын орду

2026-жылдын 13-ноябрында Э. Үмөтов атындагы педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери тайпанын куратору, улук окутуучу М. Маткаримованын жетекчилиги алдында Манас шаарындагы «Galaxy Cinema» кинотеатрында көрсөтүлүп жаткан «Айтматов» аттуу көркөм тасманы көрүштү.Кыргызстандык кинорежиссёр Каныбек Калматов тарабынан тартылган бул биографиялык драма залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун, тагдырын, чыгармачылыгын жана мекен алдындагы жоопкерчилигин көркөм чагылдырат. Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй адамзаттын руханий дүйнөсүнө өчпөс из калтырган, чыгармалары аркылуу улуттук нарк-насилди, адамдык асыл сапаттарды жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган улуу инсан.Маданий иш-чаранын негизги максаты — студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук адабиятка жана маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу, жаштарды улуу инсандардын өмүр жолу аркылуу тарбиялоо.Мындай иш-чаралар жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана тайпадагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.Анткени Айтматовду таануу — өз элиңдин тарыхын, руханий дүйнөсүн жана адамдык бийик баалуулуктарын таануу!