1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

13

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 17-ноябрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти З. Нажмидинова кесиптик-профилдик практикасынын алкагында Бабур атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин 7-классынын окуучуларына математика предметинен «Жөнөкөй бөлчөктөрдү жана ондук бөлчөктөрдү пайызга айландыруу» деген темада ачык сабак өттү.Ачык сабактын негизги максаты — окуучуларга жөнөкөй жана ондук бөлчөктөрдү пайызга айландыруу эрежелерин түшүндүрүү, бөлчөктөр менен пайыздардын ортосундагы байланышты ачып берүү, ошондой эле алган теориялык билимдерин практикалык мисалдарды жана маселелерди чыгарууда туура колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу болду.Сабактын жүрүшүндө практикант-студент окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түшүндүрүү, суроо-жооп, өз алдынча иштөө жана практикалык тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын колдонуп, окуучулардын математикалык ой жүгүртүүсүн, логикалык талдоо жөндөмүн жана сабакка болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө көңүл бурду.Сабактын соңунда практика жетекчиси жана насаатчы мугалим тарабынан сабактын уюштурулушу, колдонулган окутуу ыкмалары жана практиканттын педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча методикалык пикирлер айтылды.