1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

«ВИЧ-СПИД: БИЛҮҮ, САКТАНУУ, ЖАШООНУ КОРГОО» АТАЛЫШЫНДА ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 17-ноябрында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында ФМББ(Мк)-1-26 тайпасынын студенттерине куратор Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «ВИЧ-СПИД: билүү, сактануу, жашоону коргоо» аталышында тарбиялык саат өткөрүлдү.Тарбиялык сааттын негизги максаты – студенттердин ВИЧ инфекциясы жана СПИД тууралуу илимий негизделген маалыматтарын кеңейтүү, инфекциянын жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары жөнүндө түшүнүк берүү, ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо, ошондой эле ВИЧ менен жашаган адамдарга карата түшүнүүчүлүк жана толеранттуу мамилени калыптандыруу.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ВИЧ менен СПИДдин айырмачылыктары, инфекциянын жугуу жана жукпоо жолдору, анын алдын алуунун негизги ыкмалары, өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүүнүн жана дарылануунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча ВИЧ инфекциясы күнүмдүк турмуштагы кол алышуу, кучакташуу, бирге окуу же бир идишти колдонуу аркылуу жукпай тургандыгы түшүндүрүлүп, коомдо кездешкен туура эмес түшүнүктөрдү жоюунун маанилүүлүгү белгиленди.Мындан тышкары, студенттерге ВИЧ инфекциясын эрте аныктоо, тестирлөөнүн мааниси жана заманбап антиретровирустук терапиянын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди. ВИЧ менен жашаган адамдардын укуктарын урматтоо, аларды басмырлоого жол бербөө жана коомдо колдоо көрсөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.Тарбиялык сааттын алкагында студенттер менен «Чынбы же жалганбы?» аталышындагы интерактивдүү тапшырма уюштурулуп, ВИЧ-СПИД боюнча суроолор талкууланды. Бул тапшырма аркылуу студенттер темага байланыштуу билимдерин бекемдеп, туура жана туура эмес маалыматтарды айырмалоонун маанисин түшүнүштү.Тарбиялык сааттын жыйынтыгында ден соолукту сактоо ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги экендиги, ВИЧ инфекциясынын алдын алууда туура маалымат, сергек жашоо образы, медициналык кызматтарга өз убагында кайрылуу жана коомдогу өз ара колдоо маанилүү орунду ээлей тургандыгы белгиленди.Иш-чара студенттердин ден соолук маданиятын жогорулатууга, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандырууга жана коомдогу адамгерчилик баалуулуктарды бекемдөөгө багытталды.