1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

20

МАГИСТРАНТТАРДЫН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК, КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАЛАРЫН УЮШТУРУУ БОЮНЧА БАГЫТ БЕРҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 14-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын Ммснр-1-26 тайпасынын магистранттары үчүн кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикаларды уюштуруу боюнча онлайн форматтагы багыт берүү конференциясы өткөрүлдү.Алыскы аймактарда жашап жана эмгектенген магистранттар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Zoom платформасында уюштурулган иш-чараны практика боюнча жооптуу, ф.-м.и.к., доценттин милдетин аткаруучу М. Н. Нурматова алып барды.Конференциянын жүрүшүндө магистранттар университеттин жетекчилиги тарабынан бекитилген практикаларды өткөрүү жөнүндө расмий буйрук менен тааныштырылып, ар бир магистрант үчүн аныкталган практика базалары такталды. Ошондой эле 2026–2027-окуу жылынын академиялык календарына ылайык практикалардын өтүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленгендиги маалымдалды:- Кесиптик-базалык практика: 2026-жылдын 16-ноябрынан 5-декабрына чейин;- Кесиптик-профилдик практика: 2026-жылдын 7-декабрынан 26-декабрына чейин.Иш-чарада практиканын эки түрүнүн тең өзгөчөлүктөрүнө, негизги максаттарына жана милдеттерине, ошондой эле магистранттарда калыптандырылуучу кесиптик компетенцияларга кеңири токтолду. Практика мезгилинде аткарылуучу иштердин мазмуну жана ырааттуулугу камтылган этаптык жол картасы сунушталды. Мындан тышкары, практиканын жыйынтыгын чыгарууда тапшырылуучу отчеттук документтердин (күндөлүк, мүнөздөмө, отчет, аналитикалык материалдар ж.б.) тизмеси жана аларды белгиленген талаптарга ылайык тариздөө тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.Конференциянын соңунда магистранттар менен мазмундуу талкуу уюштурулуп, алардын практиканы уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруучулук жана методикалык суроолоруна толук жооптор берилди. Жыйынтыгында магистранттарга практикаларды сапаттуу уюштуруу, белгиленген талаптарды сактоо жана тиешелүү тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилди.