1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 год назад

228

“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100-жыл”

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100-жылдык юбилейине арналган «Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу тарыхы, заманбап тренддери, артыкчылыктары жана өнүгүү багыттары» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илим жана инновация боюнча проректору С. Ж. Куваков профессордук-окутуучулук курамдан:

1. Э.Н Төлөнөв, э.и.к., доцент “Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы “Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу жана өнүгүү тенденциялары” ;

2. А.М. Жороева э.и.к. доценттин милдетин аткаруучу ЖАМУнун илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнун башкы адиси “Жашыл каржылоо – туруктуу өнүгүүнүн фактору катары: дүйнөлүк тенденциялар жана перспективалар” аттуу даярдалган доклады (презентация) менен катышты.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жалал-Абад облусунун финансы-экономикалык өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, 2024-жылы облуска максаттуу трансферттер, капиталдык салымдар, электр менен камсыздоо, дем берүүчү гранттар, аймактарды өнүктүрүү фонддору жана агро өнөр жай комплексин насыялоо сыяктуу ар кандай багыттарга республикалык бюджеттен 3,8 млрд сом каралган.

Жалал-Абад облусунда 564,3 млн АКШ долларына 10 ири мамлекеттик инвестициялык долбоор, анын ичинде энергетика, транспорт жана суу менен камсыздоо тармактарындагы долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарына ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 127,7 млн сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында электр автобустарын жана кубаттоочу станцияларды сатып алуу үчүн бюджеттик кредит катары шаарга 100 млн сом бөлүү каралган.