1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк

Илимий-инновациялык ишмердүүлүк

Б. Осмонов атындагы Жалал - Абад мамлекеттик университетинин илим жана инновациялар бөлүмүнун миссиясы

Б.Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин илим жана инновациялар бөлүмүнун миссиясы: илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды уюштуруу, илимий жана инновациялык ишмердүүлүкту модернизациялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Туруктуу өнүүгүүнүн максаттарына ылайык жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана университеттин ишмердүүлүгүн, “Университет 4.0” моделине трансформациялоодо пландаштырууну жана контролдоону ишке ашыруу болуп саналат.

Илимий жана инновациялык ишмердүүлүктөгү стратегиялык максаттар:

-     коомдун социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана руханий-агартуучулук өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү табигый, техникалык, медициналык, коомдук-гуманитардык илимдер жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

-     жаратылышты, коомду жана адамды өнүктүрүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн, мамлекеттик мамилелерди, улуттук маданияттарды өнүктүрүү, билим берүү жана агартуу маселелерин изилдөө;

-     илимий натыйжалардын негизинде жана практикалык иш-аракеттерди координациялоо үчүн ЖАМУнун окумуштууларын жана регондогу, айыл аймактарындагы илимий кызматкерлерди изилдөө интерин бириктирүү;

-     илим чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга дем берүү, ЖАМУнун жаш илимпоздорун дүйнөлүк илимий коомго киргизүү, илимий-изилдөө ишинин интеграциялоо максатында ынгайлуу шарттарды камсыз кылуу жана натыйжаларын коммерциялаштырууга шарттарды түзүү;

-     илимий конференцияларды пландаштыруу, уюштуруу, мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктоо, анын ичинде маалыматтык материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу;

-     магистранттардын, аспиранттардын докторанттардын илимий-изилдөө иштерин пландаштырууда жана координациялоо үчүн нормативдик - ченемдик-материалдык базаны камсыздоо;

-     регионду жана айыл аймактарын өнүктүрүүдө изилдөөлөрдү пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана натыйжаларын чыгарууга катышуу, ИТКнын жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү;

-     университетте жана анын филиалдарында илимий мектептерди, илимий-изилдөө институттарын жана илимий лабораторияларды түзүү, өнүктүрүү жана аларга жетекчилик кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;

-     илимий иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар, тегерек столдор, семинарлар, вебинарлар);

-     профессордук-окутуучулар курамынын илимий көрсөткүчтөрүн Scopus, Web of Science, РИНЦ, Google Scholar платформаларында жогоруулатуу.