1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү

Илим бөлүмү

«Заманбап илимдеги жаштардын орду» аттуу окумуштуулар менен жолугушуу кечеси өттү

24-ноябрь күнү Илим айынын алкагында Педагогикалык колледждин 209-аудиториясында ЖББ ПЦКсынын окутуучулары тарабынан уюштурулган «Заманбап илимдеги жаштардын орду» аттуу окумуштуулар менен жолугушуу кечеси өттү. Иш-чарага ЖАМУнун илим бөлүмүнүн инспектору Абдыкар кызы Нурзада катышып, студенттер менен заманбап илимдин актуалдуу багыттары жана жаш изилдөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир бөлүштү. Жолугушуу жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырган пайдалуу баарлашуу менен коштолду.