М.Адышев атындагы ОшТУ де, ЖОЖдор арасында салтка айланып калган предметтикXI-аймактык олимпиада
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Түштүк аймагындагы ЖОЖдор арасында салтка айланып калган жана жылдан-жылга кадыры артып бараткан аймактык предметтик олимпиаданын 11-жолкусун Ош технологиялык университет өткөрдү. Жогорку деңгээлде уюштурулган олимпиаданын жыйынтыгы негизинен компютер эсептеп чыгаргандыгына байланыштуу орун ээлөө маселесинде эч кандай ызы-чуу болгон жок. Эки-үч орунда апелляциялык комиссия иштеп, ал иштер дагы чыр-чататксыз бүткөрүлдү. Адилеттүүлүктү карманып, калыс туруп берген уюштуруучу Ош технологиялык университетинин жамаатына Жалал-Абад, Баткенден барган окуу жайлардын11-жолу жана Ош шаарынын өзүндөгү ЖОЖдордон катышкан коллективдердин баары ыраазы болуп кайтышты.
Олимпиадага Б.Осмонов атын. Жалал-Абад мамлекеттик университеттен 35 предмет боюнча 104 студент катышып, 7 студент биринчи орунду, 8 студент 2-орунду, 8-студент 3-орундарды жеңүүчү орундарды ээлешип, кубанычтуу кайтышты. Сүйүктүү студенттерибизди ийгиликтери менен куттуктап, окуудагы ийгиликтерди каалайбыз.