МАРТ - ЖАМУДА ОЛИМПИАДАЛАРДЫН АЙЫ БОЛДУ
9-12 март күндөрү факультеттик деңгээлдеги олимпиадалардын жеңүүчүлөрү 30-мартта университеттин деңгээлинде өткөрүлүп, анда жеңүүчү катары табылып, 1-2-3-орундарды ээлеген студенттер дипломдор менен сыйланышты жана 20-апрелде Ош шаарында Ош мамлекеттик технологиялык университети тарабынана уюштурулуп жактан XI аймактык олимпиадага 110 студенттер жолдомо алышты.
Мындан сырткары, Россияда 26-27-мартта өткөн Эл аралык терапия боюнча IV олимпиадага, дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн ординаторлору менен студенттеринин катарында ЖАМУнун медициналык факультетинин терапия адистигинде окушкан 1 ординатор, 10 студент катышышып, катышууну тастыктаган сертификаттарды алышты.
Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан 3-апрель бухгалтерлердин Эл аралык күнүнө карата коллеждердин студенттеринин арасында уюштурулган “Менин кесибим - бухгалтер” аттуу конкурска ЖАМУнун экономика жана юриспруденция коллежинен 9 студент катышып, команда 3-орунду багындырып келишти.
6-апрель күнү ЖАМУнун алдындагы коллеждер аралык олимпиада Жалал-Абад коллежинде өттү. Ага ЖАМУга караштуу 7 коллежден 98 студент катышып, 13 предмет боюнча студенттер күч сынашты. Алардын 39 жеңүүчү аталышты. Командалар боюнча:
1 – орунду ЖАК (Жалал-Абад коллежи);
2 – орунду ЭЮК (экономикалык-юридикалык коллеж);
3 – орунду АК (Аксы коллежи) ээлешти.