1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

230

1

ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА ЖАНА ИШ-ЧАРАЛАРГА ТЕМАНЫ ТУУРА ТАНДАП ТҮЗҮҮ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетке караштуу экономикалык-юридикалык коллеждин окутуучулары үчүн, илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Д.М.Чокоева менен филос.и.к., доцент Г.Т.Токтогуловалар “Илимий макалаларга жана иш-чараларга теманы туура тандап түзүү” аталыштагы семинар өтүштү.

Анда илимий макалалардын жана иш-чаралардын аталышынын туура болушунун мааниси жана ага жетишүүнүн жолдору жөнүндө кеп болуп, угуучулар абдан кызыгуу менен угушту жана акырында лекторлорго өздөрүнө түшүнүксүз болгон көптөгөн суроолорду беришти. Акырында окутуучулар семинар абдан кызыктуу жана пайдалуу болгондугун белгилешип, лекторлорго рахмат айтышты.