1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

ЖАМУда аймактык өнүгүүнүн илимий-инновациялык моделин түзүү аркылуу Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Илим фондунан 2027-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен программалык-максаттуу каржылоого  долбоорлорду даярдоо максатында ЖАМУнун илим жана инновациялар боюнча профессору филос.и.д, профессор., Г.С.Токоева профессордук окутуучулук курамга семинар өткөрдү.

 ЖАМУда долбоорлорду тандоо илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча жүргүзүлөт. Алардын катарына Кыргызстан тарыхы, кыргыз тили, айыл чарба, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу, жашыл экономика, саламаттык сактоо, климаттын өзгөрүшү, туруктуу энергетика, индустрия 4.0, борбордук банктардын санариптик валюталары жана санариптик трансформациялоо багыттары кирет. Каржылоого сунушталган илимий изилдөөлөр так аныкталган максаттарды, илимий жаңылыкты, практикалык маанини, ишке ашыруу планын жана финансылык эсептөөлөрдү камтууга тийиш.