АСПИРАНТТАРДЫ ЖАНА ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮ РЕЕСТРГЕ КАТТОО
Б.Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин 1,2,3-курстагы аспиранттарына Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын реестирине каттоо жүргүзүү максатында, 25-мартта илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн улуу инспектору э.и.к., доцент Жороева А.М. көрсөтмө семинар сабак өткөрдү. Аспирантар менен жолугушуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобо менен толук тааныштырылды, аспиранттардын жеке отчетторун боюнча кенен талкуу жүргүзүлүп, окуу төлөмдөрүнун убагында төлөгөндүгү тууралуу маалыматтар алынды.
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын реестирине каттоо жүргүзүү үчүн тийиштүү иш кагаздары менен аспиранттар камсыздалып, УАКтын реестирине катталуу ийгиликтүү ишке ашырылды.