1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

225

ТАБИЯТТЫН ТАГДЫРЫ – МЕНИН ТАГДЫРЫМ

       Бүгүн, 20-мартта (2024-жылы) ЖАМУнун табыгий-техникалык факультети “2024-жыл – Шанхай кызматташтык уюмунун Экология” жылына карата “Табияттын тагдыры – менин тагдырым” аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү.

       Конференциянын башында ЖАМУнун Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Д.М.Чокоева илим жана анын элдин жашоосундагы ар тараптуу мааниси жөнүндө кеңири сөз сүйлөп, эгерде, буга чейин Кыргыз Өкмөтү студенттерден  адистик+психология жана педагогиканы өздөштүрүп чыгууну талап кылса, азыр буларга кошумча илимден кабары бар, илимий аппараты коюлган адистерди чыгарууну талап кылып жаткандыгын айтып, студенттерди мындай илимий конференцияларга олуттуу мамиле кылууну чакырды. Конференцияны т.и.д., профессор А.Аширалиев “Төкмө акын Кетбука – табыргачы жана ЖТК илиминин негиздөөчүсү” деген темада баяндама жасоо менен ачып берди. Пленардык отурумда баяндама жасаган коллеждин, университеттин бакалаврынын студенттери экология боюнча абдан актуалдуу маселелерди козгогон кызыктуу илимий баяндамаларды жасашты. Акырында табыгий илим-билимдер кафедрасынын башчысы, конференциянын уюштуруучусу, б.и.к., д.м.а. Б.Жээнбекова баяндама жасагандарга рахмат айтуу менен секцияларда уланаарын жарыя кылды.