1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Акыл таймашы: колледждер аралык олимпиада жыйынтыкталды

2026-жылдын 25-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледждеринин арасында студенттик олимпиада өткөрүлдү. Иш-чара ЖАМУнун педагогикалык колледжинин базасында уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.

Олимпиаданын негизги максаты – студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, алардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле таланттуу жаштарды аныктоо болду.

Аталган иш-чарага ЖАМУнун курамындагы бардык колледждерден мыкты студенттер катышып, өз билимдерин ар кандай дисциплиналар боюнча сынашты. Катышуучулар теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышып, өздөрүнүн даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер аныкталып, I, II жана III орундарды ээлешти. Жеңүүчүлөр дипломдор сыйланышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин билим сапатын жогорулатууга, атаандаштык чөйрөнү түзүүгө жана кесиптик өнүгүүсүн өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түзөт.