1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

81

ЖАМУ ОЛИМПИАДА – 2026

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим жана билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү багытында 2026-жылдын 8-апрелинде “Олимпиада – 2026” аталышындагы университеттик деңгээлдеги студенттик олимпиада өткөрүлдү.

Аталган иш-чара жогорку окуу жайдын илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин алкагында уюштурулуп, студенттердин интеллектуалдык потенциалын баалоого, алардын теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен интеграциялоого жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун системалуу түрдө өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чарага 33 предмет боюнча 320 студент ат салышты. Студенттерге сунушталган тапшырмалар теориялык даярдыкты, практикалык көндүмдөрдү жана логикалык-аналитикалык ой жүгүртүүнү комплекстүү баалоого багытталды.

Жыйынтыгында, “Олимпиада – 2026” студенттик олимпиадасы жогорку билим берүү системасында сапатты камсыз кылууга, атааңдаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого жана университеттин илимий-академиялык потенциалын жогорулатууга олуттуу салым кошкон иш-чара катары бааланды.