1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

19

ЖАМУда илимий метрикалык базаларда профессордук-окутуучулук курамдын санариптик илимий идентификациясы толук камсыздалды

Илим бөлүмүндө Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана эл аралык илимий мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылуу максатында, илим метрикасынын жаңы талаптарына ылайык системалуу иштер жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында университеттин бардык институттарында профессордук-окутуучулук курам үчүн илимий макалаларды даярдоонун заманбап талаптары, академиялык жазуунун принциптери, ошондой эле илимий публикацияларды эл аралык маалыматтык-аналитикалык базаларга жайгаштыруу маселелери боюнча окуу-методикалык семинарлар өткөрүлдү.

Семинарлар теориялык маалыматтарды берүү менен катар практикалык багытта өткөрүлүп, профессордук-окутуучулук курамга техникалык жардам көрсөтүү менен жеке илимий профилдерди түзүү, толуктоо жана башкаруу боюнча ыкчам колдоо көрсөтүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында университеттин профессордук-окутуучулук курамы төмөнкү илимий маалыматтык платформаларда 100 пайыз каттоодон өткөрүлдү:

-         ORCID (Open Researcher and Contributor ID);

-         Google Scholar;

-         eLIBRARY.RU илимий электрондук китепканасы.

Бул жыйынтык университеттин илимий потенциалын жогорулатууга, изилдөөлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле окутуучулардын илимий эмгектеринин цитаталуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.

ЖАМУда жүргүзүлүп жаткан бул системалуу иш-чаралар илимий ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык илимий коомчулук менен интеграцияны чыңдоого багытталган.