1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

ЖАМУда интеллектуалдык таймаш: мыкты студенттер аныкталды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кызыгуусун арттыруу жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында институттардын студенттери арасында предметтик олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Олимпиада белгиленген графикке ылайык эки этапта өткөрүлөт. Анын биринчи туру 2026-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин институттар аралык деңгээлде уюштурулуп, анда студенттер өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана кесиптик даярдыгын сынап көрүштү.

Иш-чарага университеттин бардык институттарынан студенттер активдүү катышып, ар бир катышуучу өзүнүн мыкты көрсөткүчтөрүн тартуулоого аракет кылды. Олимпиада атаандаштыкка бай жана кызыктуу өтүп, билимге болгон умтулууну дагы бир ирет тастыктады.

Жыйынтыгында ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, тиешелүү тартипте сыйланды.

Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу менен катар, алардын келечектеги кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо маанилүү роль ойнойт.