1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

36

ЖАМУда Айтматов мурасына арналган эл аралык конференция: Улуттук демден дүйнөлүк бийиктикке

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде улуу гуманист, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык мааракесине жана Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форуму: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу туруктуу өнүгүүнүн контекстинде маданияттар жана цивилизациялардын диалогу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара илимий жана маданий коомчулукту бириктирген маанилүү аянтча болуп, анда Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы туруктуу өнүгүү концепциясынын алкагында жаңыча көз карашта талкууланды. Ошондой эле Ысык-Көл эл аралык форумунун маданияттар аралык байланыштарды чыңдоодогу жана цивилизациялар ортосундагы диалогду өнүктүрүүдөгү ролу өзгөчө белгиленди.

Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “TURK ELU” Эл аралык уюмунун президенти (АКШ), Кокон университетинин Андижан филиалы (Өзбекстан), Ташкент ирригациялык институту (Өзбекстан), Саламаттык сактоо илимдери университети (Туркия), Элдик технология институту (Өзбекстан Республикасы), Михаил Туган-Баранов атындагы Донецк улуттук экономика жана соода университети (Россия) жана АНО Илимий коммуникациялар институту менен биргеликте уюштурулду. Бул эл аралык кызматташтык конференциянын глобалдык деңгээлде маанисин жана катышуучулардын дүйнөлүк илимий чөйрөсүнө интеграцияланышын тастыктайт.

Иш-чаранын негизги максаты – Айтматовдун идеялары аркылуу адамзаттын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү руханий баалуулуктарды жайылтуу, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги илимий кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү болду.

Конференциянын алкагында төмөнкү негизги багыттар боюнча баяндамалар жасалды:

·                     Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият мейкиндиги;

·                     Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык жана гуманисттик идеялар;

·                     Маданияттар аралык байланыш жана дипломатия: Ысык-Көл форуму цивилизациялардын диалогунун аянтчасы катары;

·                     Ысык-Көл форуму жана техникалык-технологиялык өнүгүү маселелери;

·                     Заманбап коомдогу табигый-илимий жана экологиялык көйгөйлөр (туруктуу өнүгүүнүн алкагында).

Конференцияга жалпысынан 187 илимий макала келип түшүп, алардын ичинен 124 баяндама 8 секцияда угулду. Бул иш-чаранын илимий деңгээлинин жогорулугун жана актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктайт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамы, илимий кызматкерлер, магистранттар, аспиранттар, докторанттар, студенттер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, маданият жана дипломатия тармагындагы өкүлдөр катышты.

Конференциянын жыйынтыгында сунушталган илимий макалалар эл аралык деңгээлдеги, анын ичинде Scopus маалымат базасына кирген журналдарда, ошондой эле ЖАМУнун «Жарчысы» илимий журналында жарыяланары белгиленди.

Бул конференция Айтматов мурасын туруктуу өнүгүүнүн принциптери менен айкалыштырып, маданияттар жана цивилизациялар ортосундагы диалогду тереңдетүүгө, глобалдык чакырыктарга жооп бере ала турган жаңы илимий идеяларды калыптандырууга багытталган маанилүү илимий платформа болуп калды.