1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

33

ЖАКтын төрагасы ЖАМУда: докторанттар, аспиранттар, изденүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана дем

2026-жылдын 27-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети маанилүү илимий жолугушуунун аянтчасына айланды. Бул күнү Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары – Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Борубашов Бекбосун Ишенбекович ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, жаш илимпоздор, докторанттар, аспиранттар жана изденүүчүлөр менен жолугушту.

Жолугушууга Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да катышып, илимдин бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу ачык пикир алышуу болду. Жолугушуунун өзгөчөлүгү — анын  ачык диалог форматында өтүп, ар бир катышуучу өз суроосуна түз жооп ала алгандыгы болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борубашов Бекбосун Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №637 токтомуна ылайык Жогорку аттестациялык комиссиянын ишмердүүлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди. Ал диссертациялык кеңештердин иштөө тартиби, окумуштуулук даражаларды ыйгаруу механизмдери жана илимий багыттардын номенклатурасындагы жаңылыктар боюнча маанилүү түшүндүрмөлөрдү берди.

Айрыкча жолугушуунун дем берүүчү бөлүгү жаш илимпоздор үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. ЖАКтын төрагасы аларды илимий изилдөөлөрдү активдүү жүргүзүүгө, заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу диссертациялык иштерди даярдоого чакырып, илим жолунда туруктуу болууга үндөдү.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын илиминин приоритеттүү багыттарына жана ТӨМдүн максаттарын ишке ашырууда илимди өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, жаш изилдөөчүлөрдү өлкөнүн илимий потенциалын чыңдоого салым кошууга чакырды.

Бул жолугушуу ЖАМУ үчүн гана эмес, жалпы аймактагы илимий коомчулук үчүн маанилүү окуя болуп, жаңы идеялардын жаралышына, тажрыйба алмашууга жана илимдеги жаңы багыттарды түшүнүүгө өбөлгө түздү.