ЖАРЫЯ!!!
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2026-2027-окуу жылына карата атайын каражаттарынын эсебинен илимий-изилдөө иштерине конкурс жарыялай тургандыгын маалымдайт.
Конкурс "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан каржылануучу илимий долбоорлордун конкурсу жөнүндө жобого” ылайык жүргүзүлөт.
Конкурстун максаты – университеттин илимий потенциалын жогорулатуу, актуалдуу илимий багыттарды өнүктүрүү, жаш окумуштууларды жана изилдөөчүлөрдү колдоо, ошондой эле билим берүү менен илимдин интеграциясын чыңдоо болуп саналат.
Конкурска университеттин профессордук-окутуучулук курамы, илимий кызматкерлер, докторанттар, аспиранттар жана жаш изилдөөчүлөр катыша алышат. Сунушталган долбоорлор заманбап талаптарга жооп берген, практикалык мааниге ээ жана инновациялык мүнөздө болушу зарыл.
Долбоорлорду кароо жана тандоо жобого ылайык атайын түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Жеңүүчү деп табылган долбоорлор университеттин ички каржылоосу аркылуу белгиленген тартипте колдоого алынат.
Каржылоонун жалпы суммасы – 300000 сом
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 30-март, 2026-жыл, саат 17.00 чейин.
Конкурска катышуу жана документтерди тариздөө боюнча төмөнкү ссылка аркылуу толук маалыматтарды алууга болот karzylanuucu-ilimii-dolboorlordun-konkursu-boiunca-024257900-1747658954.pdf
Бардык кызыкдар тараптарды конкурска активдүү катышууга чакырабыз!