1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жарнама

3 недели назад

40

Урматтуу кесиптештер! 

2026-жылдын 27-март күнү

Улуу гуманист, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100-

жылдык юбилейине жана Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына карата

"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ:

ДООРЛОР МЕНЕН ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРДЫН ДИАЛОГУ”

аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга

катышууга чакырабыз.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты – Чыңгыз Төрөкулович

Айтматовдун руханий, философиялык жана маданий мурасын, Ысык-Көл эл аралык

форумунун маданияттар аралык байланыштын жана цивилизациялардын диалогунун

уникалдуу аянтчасы экендигинин маанисин жогорулатуу; глобалдык трансформация

шартында Ч. Айтматовдун гуманисттик идеяларынын актуалдуулугун жогорулатуу,

маданияттар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Конференциянын негизги багыттары (секциялары):

- Чынгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият;

- Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык жана гуманисттик идеялар;

- Ысык-Көл форуму цивилизациялардын диалогунун мейкиндиги катары;

- Азыркы дүйнөдөгү санариптештирүү жана социалдык-экономикалык маселелер

- Маданияттар аралык байланыш жана дипломатия.

- Ысык-Көл форуму жана техникалык-технологиялык өнүгүү

- Заманбап коомдогу табигый-илимий, экологиялык маселелер

Уюштуруу иштери:

Конференцияга Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн орто жана

жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы,

магистранттары, аспиранттары, докторанттары, студенттери, мамлекеттик жана

муниципалдык кызматкерлер, маданий чөйрөдө эмгектенгендер, дипломаттар чакырылат.

Тандалып алынган макалалар конференциянын жыйнагына киргизилет жана «ЖАМУнун

Жарчысы» илимий журналдарында жарыяланат.

 Конференциянын форматы: оффлайн, онлайн.

 2026-жылдын 1-мартына чейин конференцияга катышуу үчүн уюштуруу

комитетине табыштама берүүсү зарыл.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн табыштама:

1. Билим берүү уюму

2. Катышуучунун аты-жөнү

3. Илимий баяндаманын аталышы

4. Секциянын аталышы, предметтик тармак

5. Илимий жетекчинин аты-жөнү, кызмат оруну, иштеген жери

6. Байланышуу (телефон, электрондук дарек

Журналдарда макаланы жайгаштыруунун шарттары:

"ЖАМУнун Жарчысы", журналына жарыялоо үчүн кыргыз, орус, англис, өзбек

тилдеринде мурда жарыяланбаган көйгөйлүү, обзордук, дискуссиялык макалаларды

камтыган макалалар кабыл алынат, анда фундаменталдык жана прикладдык

изилдөөлөрдүн натыйжалары чагылдырылат.

Макалада "ЖАМУнун Жарчысы" журналдарына милдеттүү түрдө шилтемелер

(3 шилтемеден кем эмес) берилиши керек.

Шилтемелердин веб-сайтты:"ЖАМУнун

Жарчысы" https://elibrary.ru/contents.asp?titleid=64262

Макаланы тариздөөгө карата талаптар:

I. Авторлор макаланы жайгаштыруу бөлүмүн аныктайт. Макаланын көлөмү, анын

ичинде адабият тизмеси, таблицалары жана сүрөттөмөлөрү, аннотациясы жана негизги

сөздөрү бар сүрөттөр басылган тексттер 10 барактан ашпоого тийиш, анын ичинде

титулдук барак (УДК; ар бир автордун фамилиясы жана атасынын аты, макаланын

аталышы, ал кыска жана маалыматтык болушу керек), аннотация, негизги сөздөр жана

макаланын аталышы (сөзсүз түрдө 3 тилде: кыргыз, орус жана англис тилинде болушу),

негизги текст, шилтемелер тизмеси, таблицалар жана схемалар, сүрөттөр жана

графиктердин астындагы кол тамгалар болушун талап кылат.

Гуманитардык багыттар боюнча макаланын көлөмү – 8-беттен кем эмес, ал эми

табигый илимдер – 5-беттен кем болбош керек. Ар кандай графикалык объекттер

киргизилсе болот (сүрөттөр, графиктер, таблицалар).

1. Текст электрондук түрдө Word версиядагы программага терилип, кагаз жана

электордук түрдө берилет.

 Тексттин шрифти – Times New Roman;

 Кагаз форматы А 4 (210 х 297 мм);

 Шрифтин көлөмү – 14 кегль;

 Интервал – 1,5

 Үстү – 20 мм, асты – 20 мм, сол жагы – 30 мм, оң жагы-20 мм.

 Кызыл сап – 10 мм;

 Туураны тегиздөө;

 Абзацтык чегинүү – 1 см.

2.УДКнын болушу (универсалдуу ондук классификация).

3.Макалага рецензия милдеттүү. Рецензия тармактын алдыңкы адистеринен

берилиши керек.

4.Макаланын беттери ырааттуу түрдө номерлениши зарыл.

5.Колдонулган адабияттар тизмеси макаланын аягында берилет, тексттеги

шилтемелер квадрат кашааларда көрсөтүлөт.

6.Макалага авторлор тууралуу кыска маалымат үлгү боюнча тиркелет.

7.Рецензия: бир макалага — бир рецензия

8.Иштеги жана үй телефондору.

9. Электрондук почта дареги.

10.Таблицалар, сүрөттөр (иллюстрациялар) аталыштары менен берилүүгө тийиш.

II.Аннотациялар жана ачкыч сөздөр кыргыз, орус жана англис тилдеринде

берилиши керек. Анда макаланын темасы жана жыйынтыктары баяндалып,

маалыматтуулукка, мазмундуулукка жана котормонун сапатына жооп бериши зарыл.

Аннотациянын көлөмү 100дөн 150 сөзгө чейин, ачкыч сөздөр 7ден 10го чейин сөз же

сөз айкашы болушу керек.

Формулалар тиешелүү редактордо терилиши керек (математикалык жана

химиялык формулалар үчүн). Таблицалар аталыш менен берилет, аларда бош тилкелердин

болушуна жол берилбейт. Шарттуу кыскартуулар жана белгилер түшүндүрмөдө

көрсөтүлүшү зарыл.

Иллюстративдик материалдар төмөнкү форматтарда берилет: сүрөттөр жана

чиймелер үчүн – tiff же jpeg; графиктер, диаграммалар, схемалар ж.б. үчүн – exls, cdr.

Сүрөттүн арткы бетинде же анын астында автордун фамилиясы, макаланын аталышы

жана сүрөттүн номери көрсөтүлөт.

III.Колдонулган адабияттар тизмеси макалада колдонулган тартипте түзүлөт.

а) китептер үчүн – авторлордун фамилиясы жана инициалдары, эмгектин толук

аталышы, басылып чыккан жери жана жылы;

б) журналдык макалалар үчүн – авторлордун фамилиясы жана инициалдары,

макаланын толук аталышы, журналдын аталышы, басылган жылы, том;

в) диссертациялар үчүн – автордун фамилиясы жана инициалдары, докторлук же

кандидаттык экендиги, эмгектин толук аталышы, басылган жери жана жылы.

IV.Авторлор жөнүндө маалымат

Макаланын аягындагы кол жазмага адабият тизмесинен кийин 3 тилде (кыргыз,

орус жана англис) ар бир автор жөнүндө маалыматтар тиркелет:

1) Ар бир автор боюнча төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымкат

берилет: фамилиясы, аты, атасынын аты; иштеген жери (мекеменин толук аталышы, шаар,

өлкө); илимий даражасы; илимий наамы; үй, кызматтык же уюлдук телефону; редакция

менен байланыш үчүн электрондук жана почта даректери.

2) Макаланы «Антиплагиат» программасы аркылуу текшерүү.

Журналдын редакциясы макалаларды өзү текшерет. Макаланын оригиналдуулугу

70%, ал эми цитаталоо жана өздөштүрүү 30% түзүшү керек.

Редакцияга келип түшкөн бардык макалалар рецензияланат. Зарыл учурда макала

авторго кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылышы мүмкүн. Макаланын редакцияга келип

түшкөн күнү анын акыркы варианты алынган күн болуп эсептелет. Редакция макаланын

мазмунун бузбаган редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүндө калтырат.

Макаланы тариздөө формасы 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.

Кол жазмалар журналдын редакциясына төмөнкү дарегине жиберилет:

Кыргыз Республикасы Жалал-Абад ш. , Р.Азимова 49

Сурап-билүү телефону: 0778060902, 0554250788

Электрондук дарек: jagunauka@rambler.ru сайт: https://jagu.edu.kg

Тиркеме 1

Асанов М.Б., Жээнбеков С.М.

КОЛЛЕДЖДЕРДЕ АКЫНДАР ПОЭЗИЯСЫН ОКУТУУНУН АЙРЫМ

МАСЕЛЕЛЕРИ

Асанов М.Б., Жээнбеков С.М.

НЕКОТОРЫЕ ВОПРОСЫ ПРЕПОДАВАНИЯ ПОЭЗИИ ПОЭТОВ В

КОЛЛЕДЖАХ

M. Asanov, S. Zheenbekov

SOME ISSUES OF TEACHING POETRY OF POETS IN COLLEGES

УДК: 811.111:378.147

Аннотация: Жыйырманчы кылымда жетимиштен ашуун майда этностор,

улуттар өздөрүнүн тилин, этномаданиятын, улуттук иденттүүлүгүн биротоло

жоготуп, орус улутуна сиңип, жок болуп кеткени белгилүү. Өзүнүн этнопедагогикасын,

улуттук өзгөчөлүгүн сактап кала албаган улуттардын баарын ушул тагдыр күтүп

турат. Бизидн кыргыз элин да ушундай оор нерсеге дуушар болбошу үчүн биз

колледждерде чыгармаларды этнопедагогикалык негизде окутууну колго алышыбыз

керек. Бүгүнкү күндө колледждерде билим сапатын көтөрүп, окутуунун мыкты

усулдарын жайылтуу актуалдуулугу учурда өтө маанилүү деп ойлойбуз. Себеби

мектепте окутуу тууралуу толгон токой материалдар интернеттеги видеосабактар

жана башка маалымат булактары болсо, жогорку окуу жайларында да окутуу бир топ

колго алынган. Сапаттуу билим берүүдө эң маанилүү звено болгон колледждерде эл

акындарынын чыгармаларын окутууда этнопедагогикалык пайдубалды түптөсөк,

студенттердин чыгармачылыгын өркүндөтүп, креативдүүлүгүн өнүктүрөт (105-250

слов).

Негизги сөздөр: адабият, өркүндөтүү, агартуучу, этнопедагогика, акын, билим,

таалим-тарбия, адам, доор, баалуулуктар (7-10 слов).

Аннотация: Всем известно, что в XX веке более 70 национальностей, этносов

окончательно потеряли свой язык, этнокультуру, национальную идентификацию и

ассимилировались в русскую нацию. Такая судьба ожидает всех наций, которые в

условиях глобализации не смогли сохранить свою этнопедагогику, национальную

особенность. Чтобы наш кыргызский народ не оказался в такой трудной ситуации, мы

должны применятьметоды обучения на этнопедагогической основе. Мы думаем, что на

сегодняшний день в колледжах очень актуально повышение качества знаний,

распространение новых технологий обучения. Потому что в школах есть некоторые

материалы, видеоуроки по преподаванию поэзии акынов. В высших учебных заведениях

также эта тема в какой-то мере разработана. А в колледжах есть пробел в обучении

поэзии акынов, нет учебно-методического пособия в этой области. На сегодняшний день

колледж является важным звеном в системе повышения качества знаний студентов.

Поэтому, если мы создадим этнопедагогический фундамент в преподовании

произведений народных акынов, то это поможет в развитии творчества и роста

креативности у студентов (105-250 слов).

Ключевые слова: литература, совершенствование, просветитель,

этнопедагогика, поэт, образование, воспитание, человек, эпоха, ценности (7-10 слов).

Annotation:Everyone knows that in the 20th century more than 70 nationalities, ethnic

groups finally lost their language, ethnoculture, national identity and assimilated into the

Russian nation. Such a fate awaits all nations that, in the context of globalization, have not been

able to preserve their ethnopedagogy and national identity. To prevent our Kyrgyz people from

finding themselves in such a difficult situation, we must apply teaching methods on an

ethnopedagogical basis. We think that today in colleges it is very important to improve the

quality of knowledge, the spread of new learning technologies. Because schools have some

materials, video tutorials on teaching akyns poetry.

In higher educational institutions, this topic has also been developed to some extent. And

in colleges there is a gap in teaching akyns poetry, there is no teaching manual in this area (105-

250 слов).

Key words: literature, improvement, educator, ethno-pedagogica, poet, education,

person, epoch, values (7-10 слов).

ТЕКСТ СТАТЬИ

_____________________________________________________________________________

Адабияттар:

1. Айтматов Ч. Кыямат: роман. – Фрунзе: «Адабият», 1988. - 352 б.

2. Абдувалиев И. Кыргыз тилинин морфологиясы. - Бишкек, 2008. - 284 б.

3. Абдувалиев И. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы энчилүү аттар

маселесине карата. - Б.: Бийиктик, 2012. 176-182-б.

4. Шейшенбаева А.М. Акынская поэзия как источник изучения общества.

Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2016. №. 1. C. 150-152.

5. Алимова М. Китеп окубаган жаштарга кантип келечекти ишенебиз?//

[Электронныйресурс]:https://www.bbc.com/kyrgyz/learning_english/2014/02/140218_book10.

Авторлор жөнүндө маалыматтар:

Фамилия, имя, отчество, Талас мамлекеттик университети, Талас шаары, Кыргыз

Республикасы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, же болбосо улук

окутуучу.тел. номер, электрондук почта

Фамилия, имя, отчество, Таласский государственный университет, г.Талас,

Кыргызская Республика, кандидат педагогических наук, доцент или старший

преподаватель.

Имя, фамилия, Talas State University, Talas, Kyrgyz Republic, candidate of

pedagogical sciences, associate professor or senior lecturer.