1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо

Илим бөлүмүндө Илимий техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынынын болуп өттү. Жыйында   3 жана 4 курстун аспиранттарын  ИТКнын курамы Токоева Г. С. – филос. и.д., профессор ИТКнын төрайымы, Сакиева С.С. – пед.и.д., профессор – мүчө; Аскарова А.К. – экон.и.д., профессор – мүчө,Эшиев А.М. – фил.и.д., профессор – мүчө, Мирзахидова М. – фил.и.д., профессор – мүчө, Жороева А.М. – экон.и.к., доцент аттестациялоодон өткөрүштү.

Б.Осмонов атындагыЖАМУ өзгөчө статус алгандан бери жождорго жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу максатында Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер жана багыттар боюнча аспиранттарга жана докторанттарга аттестациялоо жүргүзүлдү. 2025-2026 окуу жылында 22 – аспирант отчетторун ийгиликтүү тапшыргандыгы үчүн бутүүрүчү болушту. Учурда ЖАМУ 116 аспирант, 14- докторант  ар түрдүү илимий адистиктер жана багыттар боюнча билим алышып, илимий ишмердүүлүүктөрүн жүргүзүшүп келишет.