1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

205

ЖАМУнун студенттери Эл аралык конференциядан 17 диплом менен кайтышты.

Ош мамлекеттик университетинде  “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. 

Конференцияга Өзбекстан, Казакстандан жана өлкө аймагынлагы   жогорку окуу жайларынан 500дөй алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү,  илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Аталган конференцияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 47 студент илимий жетекчилери менен катышып, баяндамаларын ийгиликтүү жасашты жана 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Пленардык жыйында ЖАМУнун медициналык институтунан Абдумоминова Махмуда Аслидиновна “Дисфункций имплантируемых внутрисердечных устройств” аттуу докладын мыкты деңгээлде окуду.

  Белгилей кетсек, бул иш-чара 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан салттуу иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүп келет.