1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү
  4. Кулактандыруу

9 месяцев назад

143

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ӨЛКӨНҮ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ДОЛБООРЛОРГО КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ!

Максаты: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу  өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын №6-протоколунун 3-пунктун аткаруу.

Катышуучулар: Өлкөбүздүн бардык жарандары (жаштары чектелбейт).

Долбоордун негизги объектиси: Жалал-Абад облусунун айыл аймактары, шаарлары.

Долбоордун багыттары: Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын, шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө орчундуу салым кошо ала турган, негизделген, маселелер.

         Долбоор  жеке же  жарандардын тобу  аркылуу, конкреттүү айыл аймак, шаар үчүн даярдалып, анык бир маселени чечүүгө багыт- талууга тийиш (экономика, медицина, билим берүү, коммуникация, өндүрүш ж.б.). Ошондой эле, долбоор аркылуу сунушталган маселе экономикалык – техникалык – укуктук жактан негизделип  ишке ашыруу жолдорун камтышы маанилүү.

        Долбоорлорду конкурска жөнөтүү мөөнөтү: Конкурс жарыялангандан тартып бир айлык мөөнөттө.

         Долбоорду тариздөө: Титулдук баракчада долбоордун аталышы; кийинки баракчада катышуучулар боюнча маалымат (ф.а., туулган жылы, жери, жашаган, иштеген жери, кызматы, байланыш үчүн телефондор); үчүнчү баракчада долбоордун темасы боюнча маселенин актуалдуулугу, чечүүнүн  жолдору, алынуучу натыйжалар көрсөтүлөт.

Конкурс Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан каржыланат. 

Жалпы фонду 1 000 000 (бир млн.) сомду түзөт.

Конкурс ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпы жарандар үчүн өзүнчө жүргүзүлөт.

ЖАМУнун студенттери үчүн300 000 (үч жүз миң) сом;

ЖАМУнун  профессордук – профессордук - окутуучулук курамы үчүн – 300 000 (үч жүз миң) сом;

Жалпы жарандар үчүн400 000 (төрт жүз миң) сом.

Конкурска келип түшкөн долбоорлор, атайын түзүлгөн, комиссия тарабынан экспертизадан өткөрүлөт жана эки жуманын ичинде жыйынтыгы чыгарылат. Өтпөй калган долбоорлор боюнча кошумча талкуулар жүргүзүлбөйт. 

Долбоорлор төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: ЖалалАбад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси 25, ЖАМУ.  Конкурска.

Кошумча суроолор боюнча: Куваков С.Ж. +551191302        Алымкулов Б.Н. +996777111187