АКАДЕМИК АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ ЖАМУДА
30-май күнү академик А.Эркебаев келип, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, өзүнүн кийинки кезде жарык көргөн автордук жаңы китептерин тапшырды. Жолугушуу учурунда окумуштуу, мамлекеттик ишмер, академик А.Эркебаевдин өмүр баяны боюнча тартылган документалдуу фильм көрсөтүлдү. А.Эркебаев өзү дагы өмүрүнүн орчундуу учурларынан кеп салуу менен мындан эки-үч ай мүрда Ош технологиялык университетиде өткөн илимий конференцияда, кыргыз-өзбек университети менен ЖАМУнун аталыштары боюнча айткан өзүнүн ой-пикирине токтолуу менен эмне үчүн бул сөздү айткандыгына түшүндүрмө берди. Т.а. Кыргыз-өзбек университетине эч кандай тиешеси жок эле Б.Сыдыковдун наамы берилип калганы адилетсиз, окуу жайды ачып, ушунча даражага жеткирип койгон окумуштуунун (окуу жайды 15 жыл башкарган алгачкы ректорунун) наамы берилиш керек болчу, ушундай эле мааниде ЖАМУга дагы эч тиешеси жок эле адамдын, мейли ал Б.Осмонов болсо дагы ысымы берилгенин туура эмес деп эсептээрин билдирди.
Окумуштуунун 70 жаш курагы менен ЖАМУнун ректору, профессор К.Ж.Усенов куттуктап кеңири сөз сүйлөп, башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, ЖАМУнун тарыхы жөнүндөгү китеп тапшырды. Ошондой эле жолугушууда ф.и.д., проф.милд.аткаруучу К.Б.Калчакеев, доцент Д.М.Чокоева, професорлор К.С.Алыбаев жана А.Джураевдер сөз сүйлөшүп, академикти куттукташып, анын ишмердүүлүгү боюнча ойлорун айтышты.