АТУУЛДУК ПАРЗДЫ ЫРДАГАН АКЫН
Б.Осмонов атындагы ЖАМУда, Кыргыз эл акыны Тазагүл Закированын 75 жылдыгынын урматына арналган “Атуулдук парзды ырдаган акын” аталыштагы поэзия кечеси өткөрүлдү. Кечеде университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору, т.и.к.,доцент Куваков Сталбек Жеңишбекович жана КРнын Президентигинин областтык өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаардык администрациясынын, Сузак райондук админстарциясының өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, белектерин тапшырышты. ЖАМУнун илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Чокоева “Акындар коомдун “алтын таажысы” аталган, Т.Закированын поэзиясы жөнүндө илимий доклад жасады. Акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды КРнын эл артисти Ш.Талипова, обончу жана аткаруучу А.Токтосунов, аткаруучу Азиз Калматов жубайы экөө жогорку чеберчиликте аткаруу менен университетти шаңга бөлөштү. Ал эми белгилүү комузчу Токтомурат Осмоналиев “Ак Бакайды” шаңшытып, жаштардын сүйүктүү ырчысы Эмил Балтагулов өзүнүн обонун созуу менен Тазагүл эженин чыгармачылык кечесине ийгилик каалашты. Акырында, акын өзү сөз сүйлөп, суроолорго жооп берди. Орошон талантын камчылап, ойго толтура поэзия жаратып, кайратын жоготпой 76 жашта дагы анча-мынча жаштарга бергис Тазагүл эжеге мындан ары дагы ден соолук жана талыкпаган чыгармачылык ишмердүүлүк каалап, кыйылып кош айтыштык.