1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

ЖАМУ инклюзивдүү билим берүүнү жана жумуш менен камсыз кылууну өнүктүрүү боюнча облустук консультативдик жолугушууга катышты

2026-жылдын 17-июлунда Жалал-Абад облусунун, Манас шаарында «INCLUSION: Инклюзивдүү билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу үчүн диалог» долбоорунун алкагында облустук деңгээлдеги маанилүү консультативдик жолугушуу өттү.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бир максатка – Кыргыз Республикасында майыптыгы бар чоң адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө бириктирди.

Жолугушууга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар жана рейтинг департаментинин кызматкери Борбиева Рахат  катышып, чон адамдарга инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана майыптыгы бар адамдарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча талкууларга активдүү катышты.

Жолугушуунун негизги максаты – региондордо өткөн консультациялардын жыйынтыктарын талкуулоо жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү, ошондой эле жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча мындан аркы биргелешкен кадамдарды макулдашуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу көйгөйлөр, өнүгүүнүн негизги багыттары талкууланып, майыптыгы бар чоң адамдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кызыкдар тараптардын биргелешкен аракеттери макулдашылды.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт жана мындай долбоорлор билим берүү системасындагы кызматташууну чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.

Талкуулардын жыйынтыгында мындан аркы кадамдар макулдашылып, демилгелерди улуттук деңгээлде алдыга жылдыруу үчүн бардык тараптардын ролдору аныкталды.