1. Башкы бет
  2. Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы

Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы

Кенже

Модератор сайта

Телефон:

999 891 210

Туулган күн:

December 10, 1989

Каттоо:

24.09.2023

Акыркы сапар:

1 день назад

Урматтуу ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү!

Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын арасында татыктуу кадыр-баркка ээ көрүнүктүү билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет. ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү эл аралык стандартка ылайыктуу сапаттуу билим алуу менен гана чектелбестен, алар интеллектуалдык потенциалын эффективдүү жогорулатуу менен бирге бүгүнкү күндө ийгиликтүү өз кесибинде кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө эмгектенип келе жатышат. ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы университетте окуган бутүрүүчүлөрдү кесибине, бүткон жылына, жашаган жерине көз карандысыз баарын бириктирет. Биз - ар бир бүтүрүүчүлөр менен сыймыктанабыз жана ЖАМУнун бардык бүтүрүүчүлөрүн биригүүгө чакырабыз!

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН АССОЦИАЦИЯСЫ КООМДУК БИРИКМЕСИ

ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр Ассоциация коому 2012-жылы университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы партнердук мамилелерди өнүктүрүү, бирдиктүү баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды сактоо максатында уюштурулган.

ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын миссиясы- университеттин билим берүүсүн, маданиятын жана каада-салттардын маанилүүлүгүн жана уникалдуулугун сактоо жана жогорулатуу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн динамикалуу жана кызыктар коомчулугун бириктирүү жана бүтүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоо.

ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы -  бул динамикалык (кыймыл-аракетке бай) өнүгүп туруучу уюм,  университеттин бардык муундагы бүтүрүүчүлөрүн бириктирүү жана социалдык колдоо көрсөтүү менен иш-аракеттерди алдыга жылдыруу. Бириккен жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр университеттин  өнүгүшүнө  эффективдүү кол кабыш кыла алышат.

Биздин иш-аракеттерибиздин багыты:

  • университеттин престижин Кыргызстандык жана эл аралык деңгээлде көтөрүү максатында бүтүрүүчүлөрдүн  биримдигин  чыңдоо;
  • бүтүрүүчүлөрдүн  аймактык жана факультеттик түйүндөрүн кенейтүү;
  • бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен университеттин базасында инновациялык илимий-техникалык иш-аракеттердин жаңы горизонтторун ачуу;
  • профессионалдык иш-аракеттеринин сферасында алардын компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында университеттин базасында бүтүрүүчүлөрдүн тынымсыз билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн    кеңейтүү;
  • университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн таланттуу жаштарын университеттин иш-аракеттерине  тартуу, иш менен камсыз болууга көмөк көрсөтүү;
  • бүтүрүүчүлөрдүн интеллектуалдуу потенциалын эффективдүү пайдалануу менен ЖАМУнун мүмкүнчүлүктөрүн  жогорулатуу;
  • университеттин материалдык -техникалык базасын түптөөгө көмөк көрсөтүү;
  • Муктаж болгон ЖАМУнун бүтүрүүчүлөр коомунун мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү.