1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

ЭНЕ ТИЛИМ УЛУТТУК СЫЙМЫГЫМ , КЕЛЕЧЕГИМ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ

Фарм-2-26 тайпасынын студенттери, Эне тилим улуттук сыймыгым жана келечегим жана Ч.Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай темасынды куратордук саат өттү.

Эне тил — ар бир элдин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн сактап турган баа жеткис мурас.Кыргыз тили — кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан улуу мурасы. «Манас» эпосу, элдик жомоктор, дастандар, макал-лакаптар жана ырлар тилибиздин байлыгын көрсөтүп турат.Кыргыз тилинин байлыгын дүйнөгө тааныткан залкар инсандардын бири — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Анын чыгармалары аркылуу кыргыз элинин турмушу, салт-санаасы, жаратылышы жана адамдык баалуулуктары дүйнөгө кеңири белгилүү болгон.Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары — кыргыз элинин руханий байлыгы. Аларды окуу менен биз бир гана адабиятты эмес, элибиздин тарыхын, каада-салтын, дүйнө таанымын жана адамдык баалуулуктарын да үйрөнөбүз.Биз үчүн кыргыз тили — улуттук сыймыгым, ата-бабалардан калган ыйык мурасым жана келечекке алып барган жолум. Эне тилимди сүйүү — элимди сүйүү. Эне тилимди сактоо — келечегимди сактоо.Кыргыз тили кылымдар бою жашап, Айтматовдун улуу сөзү жана кыргыз элинин руху менен дүйнөгө жаңыра берсин!