1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ФАРМАЦЕВТТЕРДИН АЛГАЧКЫ КЕСИПТИК КАДАМДАРЫ.

«Фармация» адистигинин студенттери үчүн «Алгачкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу (гербаризация)» практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы  25 -июнь күнү уюштурулду. Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө, өсүмдүктөрдүн систематикалык топторун  таанып-билүүгө жана аларды туура чогултуу, кургатуу, сактоо көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган. Фармацевт үчүн өсүмдүктүн морфологиялык белгилерин, түрдүк курамын  так билүү жана аларды жыйноодогу  сапаттуу даярдоо — кесипкөйлүктүн пайдубалы болуп эсептелет.

Студенттерибиз практика учурунда теориялык алган билимдерин пайдалануу менен талаа шарттарында иштеп, дары өсүмдүктөдүн  негизин түзгөн гербарийлерди өз колдору менен даярдашты. Бул эмгектин жыйынтыгы катары студенттердин жасаган гербарийлеринен, толтурган күндөлүктөрүнөн, жазган отчетторунан  практикалык тажрыйбасынын жыйынтыгын корүүгө болот.  

Бүгүнкү жыйынтыктоочу конференция студенттерибиздин кесиптик деңгээлинин өсүп жаткандыгын ачык көрсөттү.  Жасаган  презентациялар жана даярдалган гербарийлер жогорку баага татыктуу. Практика өз максатына жетти деп ишенимдүү айта алабыз. Практика жетекчилери: А.Ормогоева, С.Термечикова.