1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

22

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНГРЕССКЕ КАТЫШТЫ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый илимий билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу А. Молдомусаева жана Медициналык колледждин окутуучусу С. М. Термечикова Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн географтарынын IV эл аралык конгрессине катышты.

Конгресстин негизги максаты — түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштуу-географтарынын ортосунда илимий байланыштарды чыңдоо, актуалдуу географиялык көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана чечүү, ошондой эле илим-билим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.