1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

«САНАРИПТИК САБАТТУУЛУКТУ ОКУТУУДА КОЛДОНУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ МАСТЕР КЛАСС

23-апрель күнү «Санариптик сабаттуулукту окутууда колдонуу» темасында мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чараны Медициналык колледжинин Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсынын башчысы  А.А. Ормогоева жана А.А. Матраимова алып барды.

Мастер-класстын жүрүшүндө санариптик билим берүүнүн заманбап ыкмалары тааныштырылып, окутуу процессинде колдонулуучу бир катар онлайн платформалар практикалык түрдө көрсөтүлдү. Атап айтканда, LearningApps, BilimAI жана Gemini сайттарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү.

Катышуучулар санариптик куралдардын жардамы менен сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу уюштуруунун жолдорун үйрөнүшүп, өздөрү да практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Мастер-класс жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.