1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

ЖАЙНАП КЕЛГЕН ЖАЗДЫН ШАҢЫ - МАЙ АЙЫ, МАЙРАМДАРГА БАЙ АЙЫ

Бүгүн 24-апрель 2026 - жылы Медициналык колледжинин Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Бакалаева Лайликан Кенжекулона ФАРМ- 2- 25 тайпасынын студенттери менен "Жайнап келген жаздын шаңы - май айы, майрамдарга бай айы" деген темада тарбиялык ачык сабак өттү. Сабак май айындагы 1- май - эмгек күнүнө, 5- май КР конституция күнүнө жана 9- май жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш чара болду. Иш чара ыр, бий, көркөм окуу жана баяндамалар менен коштолду. Иш- чараны Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсынын жетекчиси А.А. Ормогоева ачып берди .Сабакты жыйынтыктап жатып бул студенттерге тайпанын куратору Л. К. Бакалаева төмөндөгүлөрдү айтып кетти.

1-май – Эмгек күнү эмгектин баалуулугун, биримдикти даңктаса, 5-май – Конституция күнү мамлекетибиздин мыйзамын урматтоого чакырат. Ал эми 9-май – Жеңиш күнү ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерип, тынчтыктын баркын билүүгө үйрөтөт. Ушул улуу даталар ар дайым элди биримдикке, тынчтыкка жана мекенди сүйүүгө үндөп турсун.