1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

ТАРЫХТЫ БИЛҮҮ — КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН ЧОҢ КАДАМ 

ХХ кылымдын башында кыргыз элинин улуттук кайра жаралуусуна жана өз алдынча мамлекет катары калыптанышына зор салым кошкон улуу инсандарыбыздын өмүрү жана ишмердүүлүгү — бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы.

16-апрель күнү медициналык колледждин Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары тарабынан Фармация, Дарылоо иши, Акушердик иш, Медициналык айым иши, Ортопедиялык стоматология адистиктеринин 1-курстарынын студенттерине  "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбаков, Ишеналы Арабаев” өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү” боюнча иш-чара  уюштурулду. Коомдук ишмерлердин эл үчүн, мамлекет үчүн жасаган эмгектерине окутуучулар Л.Самидинова, С.Термечикова, Ш.Балываева, А.Ормогоевалар баяндама жасоо менен студенттер арасында суроо-жооп  менен ангемелешүү болду. Иш-чараны жыйынтыктоо студенттер менен онлайн тест  алып, жакшы жооп бергендерге белектер тапшырылды.

Бул беш инсан тең 1937-1938-жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Алардын сөөгү Чоң-Таш айылындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган. Алардын жасаган иштери бүгүнкү эгемен Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Бүгүнкү иш-чара өз максатына жетти.