1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

28

СТУДЕНТТИК ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА - БИЛИМ ЖАНА ИЗДЕНҮҮ АЯНТЧАСЫ

2026-жылдын 10-апрелинде медицининалык колледждин 1-курсунун Акушердик иш, Дарылоо иши, Медайымдык иш, Фармация, Ортопедиялык стоматология адистиктеринин  студенттери арасында предметтик олимпиада  өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттер арасындагы предметтик олимпиада — бул жөн гана билим сынагы эмес, бул келечектеги адистердин интеллектуалдык дараметин ачкан, чыгармачыл изденүүгө жол ачкан маанилүү аянтча. Заман талабына шайкеш  терең билим жана талбай изденүү гана ийгиликтин негизги ачкычы болуп саналат. Студенттердин предметтик олимпиадасы — бул жаш акылдардын өз ара таймашы, алган билимдерин практикада колдоно билүү жөндөмүн текшерүү жана илимий бийиктиктерге кадам таштоо.

Жыйынтыгында, күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү тандалып, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар өздөрүнүн терең билимин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачыл жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар студенттерди илимге,окууга, изилденүүгө болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Иш-чараны колледждин гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары уюштурушту.