1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

43

ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ

2026-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Медициналык колледжинин Фармация, Дарылоо иши, Акушердик иш, Медайымдык иш, Стоматологиялык ортопедия  адистиктеринин биринчи  курстарына "Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу" темасында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда  Жалал-Абад ОИИБнин өкүлдөрү катышты, жолугушууда ушул багытта иш алып барган милициянын подполковниги Урматбек  Калдаров видео роликтерди, электрондук маалыматтарды студенттерге жеткиликтүү кылып айтып берди. Жасалган  баяндамадан кийин  окутуучулар жана студенттер диний экстремизм жана терроризм тууралуу кызыккан сурооолорун берип аларга  азыркы учурдагы болуп жаткан мисалдар менен жооп алышты жана  андан этияттануу жолдорун талкуулашты. Студенттер окутуучулар менен биргеликте "Диний экстремизм" - дегенди кандай түшүнөсүңөр? Ислам дининен айырмачылыгы кандай? Диний билим берүү керекпи? Эркектер сүнөт, аял кишилер хиджаб кийүүсү ислам динине туура келеби? «Хизбут-Тахрир» жана терроризмге кантип каршы күрөшө алабыз? Ар бир адам өзүнүн дининен канткенде адашпайт?  сыяктуу суроолорду беришип, ар бир студент  өз ойун тартынбай айтуу менен  мүмкүнчүлүк берүү жана колдоо иретинде  маектешүү болду. Бул жолугушууну медициналык колледждин гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары уюштурушту.