1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Гуманитардык жана табигый математикалык дициплиналар ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

91

КЕСИПТИК ЫКМАЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ ПРАКТИКАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин Фарм-1-23,Фарм-2-23 тайпалары 20.05.24-6.06.24 аралыгында,окутуучулар А.А.Ормогоева,С.М.Термечиковалардын жетекчилигинде Ботаника боюнча алгачкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу практикасында болушту.Практика атайын бекитилген жол картанын негизинде жүрдү.Ар түрдүү фитоценоздогу өсүмдүктөр менен таанышуу,өсүмдүктөргө морфологиялык аныктама берүү,түрдүк курамын аныктоону үйрөнүштү.Фенологиялык байкоо жүргүзүүнүн ыкмалары менен таанышты жана аз убакытта байкоо жүргүзгөн обьектилерди аныкташты. Жалал-Абад курорту,Жалал-Абад илимий изилдөө борбору,Биосфера илимий изилдөө борборлорунда болушту.Жыйынтыгында, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин практика бөлүмүнүн жетекчилери З.Калыбекова,Н.С.Жолдошалиевадын катышуусунда жыйынтык конференция өткөрүлдү.Студенттер практикада алган билимдерин колдонуу менен Ботаника боюнча алгачкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу практикасын ийгиликтүү жыйынтыкташты.