1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Медайымдык иш жана ортопедиялык стоматология ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

КЕСИПКӨЙЛҮККӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ

Медициналык колледждин Медициналык айым иши ПЦКсында бүтүрүүчү СД-1-23 жана СД-2-23 тайпаларынын студенттеринин квалификация алдындагы практикасынын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү. Конференциянын негизги максаты – студенттердин практика учурунда алган билимдерин, өздөштүргөн практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн талдоо жана баалоо болду.

Практика терапия, хирургия, педиатрия, реанимация, ЫМЖК (ОЭМП), жасалма бөйрөк, онкология жана кардиоцентр бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, студенттер медициналык кызматкерлердин жетекчилиги астында бейтаптарды кароо, медициналык манипуляцияларды аткаруу жана медициналык документацияларды жүргүзүү боюнча баалуу тажрыйба топтошту.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштери боюнча презентация жасап, жетишкендиктери жана алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле практикалык базаларда кездешкен кызыктуу учурлар, кесиптик өсүүгө өбөлгө болгон жагдайлар жана келечектеги ишмердүүлүккө байланышкан ойлору талкууланды.

Практика жетекчилери студенттердин даярдык деңгээлине оң баа берип, алардын жоопкерчилигин, эмгекчилдигин жана кесипке болгон кызыгуусун белгилешти. Жыйынтыгында квалификация алдындагы практика студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, өз алдынча иштөөгө даярдыгын жогорулаткан маанилүү этап болгондугу белгиленди.

Конференциянын соңунда бүтүрүүчү студенттерге алдыдагы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияда жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер кааланып, практика базаларына жана жетекчилерге ыраазычылык билдирилди.