1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Медайымдык иш жана ортопедиялык стоматология ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

НАЗОЛОГИЯ ЖАНА ЖАЛПЫ ПАТОЛОГИЯ: ДЕН-СООЛУК ЖАНА ООРУНУН НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨРҮ

Медициналык айым иши жана ортопедиялык стоматология ПЦКнын окутуучусу М. Осмоналиева Адамдын анатомиясы жана физиологиясы предметинен “ Назология жана жалпы патология: ден-соолук, оору, шок, кома, стресс” деген темада жогорку деңгээлде уюштурулган ачык сабак өттү. Сабак заманбап окутуу ыкмаларынын негизинде өтүп, студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Окутуучу теманы түшүндүрүүдө интерактивдүү усулдарды колдонуп, студенттерге ар түрдүү тапшырмаларды берип, алардын ой жүгүртүүсүн жана активдүүлүгүн арттырды.

Сабак учурунда студенттер топтордо иш алып барып, ар бир тема боюнча кеңири талдоо жүргүзүшүп, өз ойлорун так жеткире алышты. Айрыкча шок, кома жана стресс абалдарында адам организминин өзгөрүүлөрүн талкуулоо чоң кызыгууну жаратты. Практикалык мисалдар аркылуу теманын медициналык мааниси терең ачылып берилди.

Сабак студенттердин презентациялары жана суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталып, катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.