1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Фармация ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

ФАРМАЦИЯ ПЦКСЫНДА «ВАКАНСИЯЛАР ЖАРМАНКЕСИ» ӨТКӨРҮЛДҮ

Фармация ПЦКсында бүтүрүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда «Вакансиялар жарманкеси» аттуу жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – бүтүрүүчүлөрдү келечектеги жумуш орундары менен тааныштыруу, алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө жумуш берүүчү мекемелер өздөрүнүн ишмердүүлүгү, бош жумуш орундары, кызматкерлерге коюлуучу талаптар жана эмгек шарттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, келечектеги эмгек жолуна байланыштуу пайдалуу кеңештерге ээ болушту.

Иш-чара жылуу жана жакшы маанайда өтүп, бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мотивация жана пайдалуу тажрыйба болду. Мындай жолугушуулар жаш адистердин жумушка орношуусуна жана кесиптик багыт алуусуна чоң салым кошот.