1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Фармация ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

20

КОЛЛЕДЖДЕР АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ЛЕКЦИЯСЫ

Бугун Б. Осмонов атындагы мамлекеттик университети медициналык колледж жана К. Ш. Токтомаматов Эл аралык  медициналык колледжинде  тажрыйба алмашуу жана билим берүү сапатын жогорулатуу максатында колледждер аралык конок лекциялар уюштурулду. Ар кайсы окуу жайлардан келген тажрыйбалуу окутуучулар студенттерге кызыктуу жана мазмундуу лекцияларды өтүп беришти.

Лекциялардын жүрүшүндө студенттер жаңы маалыматтарды алып, өз адистиги боюнча терең билимге ээ болушту. Ошондой эле окутуучулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берип, пайдалуу кеңештерин айтышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, кесиптик кызыгуусун арттырууга жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.